Жалал-Абадда Камчыбек Ташиевдин соттолгон тарапташтарын колдогон митинг болуп өттү

Жалал-Абадда Камчыбек Ташиевдин соттолгон тарапташтарын колдогон митинг болуп өттү. Алар шаардык соттун Медер Үсөнов менен Жеңиш Токторбаевге карата чечимин жокко чыгаруу суранычы менен кайрылышкан. Аны менен катар шаардык прокуратура тосмо арызын берген.
Буга нааразылыгын билдирген эл митингге чыгып, өкмөттүн облустагы өкүлү Жусубалы Төрөматовду соттук отурумга катышпай, жылуу-жумшак кабинетинде отурат деп айыпташты. Ж.Төрөматов митингчилер менен сотко барып, соттук коллегиянын башчысы Шаршенбек Камбaров менен жолугушкан. Коллегиянын башчысы соттук отурумдун 6-декабрга жылдырылганы тууралуу айткандан кийин митингчилер тарап кетишкен. 
Маалымат катары, Жалал-Абад шаардык соту 2013-жылдын 6-ноябрында М.Үсөнов менен Ж.Токторбаевдин ишин карап, 6 жылга эркинен ажыраткан. Мындан сырткары Ш.Ташиев менен А.Сыргабаевге 4 жылга эркинен ажыратуу чечими чыгарылган. Бирок Жалал-Абад шаардык прокуратурасы облустук прокуратурага аталган ишти кайра карап чыгуу боюнча арыз жөнөткөн. Облустук сот толук ыйгарымдуу өкүлдүн жоктугунан отурумду 6-декабрга жылдырган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан