Нарында 4 күндөн бери 80 жаштагы карыя изделүүдө

Нарын шаарында 80 жаштагы Т.Ж. аттуу тургун 4 күндөн бери дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө таянсак, буга чейин аталган жарандын кийимдери Нарын дарыясынын жээгинен табылган. Кечээ, 2-июлда тургунду издөө үчүн 16 куткаруучу жана туугандарынан 4 адам тартылган.
"Издөө иштерин жүргүзүүгө катышкандар 4 топко бөлүнүп, Нарын шаарынан батышты карай аймактарда издөө иштерин жүргүзүшүүдө. Тактап айтканда, туугандарынан түзүлгөн 1-топ Нарын шаарынан Ак-Кыя белине чейин, 2-топ куткаруучулар Ак-Кыя белинен Жан-Булак айылынын тушуна чейин, 3-топ куткаруучулар Жан-Булак айылынан Хутор Ак-Талаа айылына чейин, 4-топ куткаруучулар Эмгек-Талаа айылынан Ак-Тал-Чат участкасына чейин издешүүдө", - дешти ӨКМдан.
Белгилей кетсек, ал 29-июнда үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп изделүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан