Өзбекстандын курамындагы Каракалпакстан Республикасына өзгөчө абал режими киргизилди. Чет элдик маалымат булактарында жазылгандай, тиешелүү буйрукка президент Шавкат Мирзийоев кол койгон.
Ага ылайык, өзгөчө абал режими 3-июлдан 2-августка чейин созулат.
"Чечим жарандардын коопсуздугун камсыздоого, алардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого, мыйзамдуулукту жана тартипти калыбына келтирүүгө багытталган.
Каракалпакстан Республикасына кирүү жана чыгууга чектөөлөр кирип, бардык коомдук иш-чараларга тыюу салынат", - деп айтылат маалыматта.
Өзгөчө абал режими үчүн саат 21:00дөн 07:00гө чейин коменданттык саат киргизилди. Комендатуранын башчысы болуп Өзбекстандын Улуттук гвардиясынын кол башчысы Рустам Жураев дайындалган.
Белгилей кетсек, Каракалпакстан Республикасынын борбору Нукус шаарында жүздөгөн жарандар митингге чыгышкан. Алардын нааразычылыгы Баш мыйзамга киргизилип жаткан Каракалпакстан Республикасынын эгемендүүлүгүнө тиешелүү жаңы өзгөртүүлөр менен байланышкан.