Ош санэпидем кызматы жарандарды тез бузулуучу тамактарды жегенде этият болууга чакырат

Жайдын аптаптуу мезгилинде калк арасында тамак-аштан уулануу жана ичеги-карын оорулары күч алууда. Бул өзгөчө 14 жашка чейинки балдардын арасында көп катталып жатат. Андыктан тез бузулуучу тамактарды жегенде этият болуу өтө маанилүү.
Ош шаарынын санитардык эпидемиологиялык кызматы жарандарды төмөнкү эрежелерге көңүл бурууга чакырат:
- тамак-аш азыктарын уруксатсыз соода кылган жерлерден белгисиз адамдардан сатып албоо. Бул өзгөчө тез бузулуучу тамак-аш азыктарына тиешелүү: сүт, быштак, каймак; ар кандай үй шартында даярдалган тамак-аш азыктары;
- тез бузулуучу тамак-аш азыктарын (сүт жана колбаса азыктары, даяр салаттар, каймак кошулган кондитердик азыктар) жана балдар үчүн азыктарды сатып алууда жарактуулук мөөнөтүнө жана мындай азыктарды сактоо шарттарына көңүл буруу;
- жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен же муздаткыч жабдуулардан тышкары сакталган продукцияны колдонбоо;
- муздаткычта чийки заттарды, жарым фабрикаттарды жана даяр азыктарды сактоону айырмалоо;
- колдонуудан мурун жашылчаларды, мөмөлөрдү, жемиштерди жакшылап жууш керек;
- бузулуу белгилери бар жашылча-жемиш азыктарын сатып албоо жана колдонбоо;
- дат баскан, деформацияланган, этикеткасы жок консерваларды сатып албоо;
- маркировкалары (этикеткасы) жок тамак-аш азыктарын сатып алууга болбойт;
- тамак-аш даярдоодо өздүк гигиенаны сактоо: тамак-ашты даярдоонун алдында жана даярдаган соң ар дайым колду жуу;
- тамак жасоо үчүн колдонулган бардык ашкана идиштерин атайын каражаттар менен дайыма жууп туруу;
- чийки азыктар үчүн өзүнчө бычактарды жана ашкана такталарын колдонуу зарыл;
- ичүү үчүн кайнатылган же бөтөлкөдөгү сууну колдонбоо;
- тамактарды, өзгөчө этти, тоок этин, жумуртканы, балыкты жакшылап кууруп же кайнатуу;
- тез бузулуучу тамак-аштарды жана даярдалган салаттарды бөлмө температурасында 2 сааттан ашык сактабаш керек, анткени бул бактериялардын жана токсиндердин топтолушуна алып келиши мүмкүн;
- тортторду, каймак кошулган таттууларды муздаткычта гана сактаңыз, бул тез бузулуучу азыктар экенин унутпоо абзел;
- жаңы даярдалган тамакты мурунку күндөн калган тамактар ​​менен аралаштырбаңыз. Даярдалган тамак эртеңки күнгө калып калса, колдонуудан мурун аны термикалык иштетүүгө (кайнатуу, кууруу) киргизүү зарыл;
- тамак-ашты курт-кумурскалар, жаныбарлардан корголгон жерлерде сактоо.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан