Таиланд премьер-министри кызматтан кетпей турганын билдирди

Бүгүн, 2-декабрда Таиланддын премьер-министри Йинглак Чиноват кызматтан кетпешин жана парламентти таратпай турганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары маалымдайт.
Оппозициянын “Премьер-министр бийликти элге тапшырсын!” деген талабына Йинглак Чиноват “Мен кызматтан кетпеймин жана парламентти таратпаймын. Себеби өкмөт конституциялык жол менен келип, эл тарабынан шайланган” деген жооп узаткан. 
Чиноват бул кызматка 2011-жылы дайындалган. Коррупция иштери боюнча айыптаган оппозиция өкүлдөрү аны эки күн ичинде ээлеген кызматынан бошотулуусун талап кылышкан.
Полиция менен демонстранттардын кагылышы саат сайын күчөөдө. Күч органдары демонстранттарды кубалоо максатында көздөн жаш агызуучу газдарды, желим окторду пайдаланышса, оппозиция өкүлдөрү “пинг-понг” аталыштагы колдо жасалган жардыргыч заттарын колдонуп Бангкоктун көчөлөрүн ызы-чуу кылышууда. Тараптар кагылышуусунун жыйынтыгында 56 адам жараатка кабылганы кабарланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан