Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму маймыл чечек оорусун жуктуруп алгандар көбөйүп жатканын айтты

Европада маймыл чечек оорусу акыркы эки жумада үч эсе көбөйдү. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) аймактык директору Ханс Клюге брифингде айтты.

Маалыматка ылайык, ал Евро Биримдиктин бардык өлкөлөрүн оору менен күрөшүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоого чакырды. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун европалык бөлүмүнүн башчысы эпидемия чындап коркунучтуу деп эсептейт.

Анын айтымында, вирус канчалык узакка таралса, ал пайда кылган оору ошончолук күчөп, эндемикалык эмес өлкөлөрдө орун алат. Жалпысынан азыр дүйнөдө маймыл чечек оорусунун 4500дөн ашуун учуру катталды.

Оору 51 өлкөдө катталды. Ошол эле маалда бул илдетке чалдыккандардын 90 пайызын Европа өлкөлөрү түзөт. Оору континенттин 31 өлкөсүндө катталган. Ооругандардын 99 пайызын 21 жаштан 40 жашка чейинки эркектер түзөт.

"Бактыга жараша, азырынча каза болгондор катталган жок. Көпчүлүк инфекциялар исиркектер менен коштолгон жана ысытма, чарчоо, булчуңдардын оорушу, кусуу, ич өтүү, чыйрыгуу, тамак же баш оору сыяктуу симптомдор да кеңири таралган", - дейт Клюге.

Белгилей кетсек, 23-июнда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маймыл чечек оорусун пандемия катары жарыялоо чечими уюмдун жыйынынын алдында кабыл алынды.

Маймыл чечеги оорусу тууралуу кененирээк бул жерден окуй аласыз. Өлкөдө маймыл чечек оорусун алдын алуу боюнча бир катар чаралар көрүлүүдө.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан