Бишкекте изделип жаткан 11 жаштагы Алина Дүйшөкеева табылды.
Биринчи Май РИИБинен билдиришкендей, 1-июль күнү милицияга кыздын атасы арыз менен кайрылып, кызы дайынсыз болуп жатканын айтып, таап берүүнү сураган.
Кыз аман-эсен ата-энесине өткөрүп берилди. Учурда аталган окуянын жагдайлары такталууда.