Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев жарандык активисттерди, блогерлерди чет мамлекеттерде болуп жаткан окуяларга карата ар кандай чагымчыл билдирүүлөрдү таратпоого чакырат. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.
"Коомдук ишмерлерди, жарандык активисттерди, блогерлерди жана башка активдүү турмуштук позициядагы адамдарды коңшу жана башка чет мамлекеттерде болуп жаткан окуяларга карата ар кандай чагымчыл билдирүүлөрдү жарыялоодон жана баа берүүдөн карманууга чакырабыз.
Кыргызстан тынчтыкты сүйгөн өлкө катары башка бир дагы чет мамлекеттин ички иштерине кийлигишүүгө укугу жок. Чет мамлекеттерде болуп жаткан процесстердин баары алардын ички иштери.
Ошондуктан биз дагы бир жолу коңшулаш жана башка мамлекеттерде болуп жаткан окуяларга мамлекеттердин ортосундагы ынак коңшулаштыктын принциптерине каршы келген пикирлерди жана баалоолорду жарыялабоону өтүнөбүз", - деп жазган ал.