Кадамжайда сарайдагы өрттөн 2 тонна тоют чөп чыгым болду

Бүгүн, 3-июлда Кадамжай районунун Майдан айыл өкмөтүнүн Каражыгач айылындагы сарайдан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, мал сарайдын 2-кабатында чыккан өрт саат 12:32де аймактагы Өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тарабынан чектөөгө алынып, саат 12:43тө толугу менен өчүрүлгөн.
Өрттүн кесепетинен 65 даана шифер, 14 айырмач (стропила), 120 метр рейка, 13 метр торсун, 16 устун жана 2 тонна тоют чөп чыгым болгон. Жабыр тарткандар жок.
Өрттүн себеби такталууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан