АКШнын жашоочусу дүйнөдөгү эң кары стюардесса катары "Гиннесстин рекорддор китебине" кирди

АКШнын Бостон шаарынын (Массачусетс штаты) жашоочусу дүйнөдөгү эң кары стюардесса катары "Гиннесстин рекорддор китебине" кирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышат.

Маалыматка караганда, 86 жаштагы Бетт Нэш авиацияда дээрлик 65 жыл иштеген. Ал 1957-жылы Eastern Airlines авиакомпаниясында эмгек жолун баштаган. Учурда бул авиакомпания жок.

Ал эми бүгүнкү күндө Бетт Нэш American Airlines авиакомпаниясында иштеп келет. Анын айтымында, карьерасынын басымдуу бөлүгүн Нью-Йорк - Бостон - Вашингтон каттамында өткөргөн. Себеби жумуштан кийин ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген уулуна кам көрүү үчүн үйүнө түнкү убакта келип калууга мүмкүн болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан