Мексикада шаар мэри аллигаторго үйлөндү

Мексиканын Сан-Педро-Уамелула шаарынын (Оахака штаты) мэри Виктор Хьюго Соса аллигаторго үйлөндү. Бул иш-чара жергиликтүү тургундарга молчулук алып келүү үчүн өткөрүлгөн ырым-жырымдардын алкагында болгонун жазышат чет элдик басылмалар.

Маалыматка ылайык, 7 жашар ургаачы аллигатордун аты кичинекей ханайым. Кадимки үлпөт тойлордой эле аллигаторго ак көйнөк кийгизишкен, никелешүү аземи ыр, бий, сый тамак менен коштолгон.

Бул аллигатор ырым-жырымдын алкагында Жер эненин символу, ал эми анын жергиликтүү лидер менен баш кошуусу молчулуктун символу болору айтылат маалыматта.

"Биз табияттан жамгырды, жетиштүү тамак-ашты, жана суубузда көп балык болушун сурайбыз", - деген мэр.

Белгилей кетсек, Сан-Педро-Уамелула шаарынын мэрлери жыл сайын сойлоп жүрүүчү жандыктар менен никелешет. Бул XVIII кылымдан бери келе жаткан салт. Жергиликтүү тургундар мындай ырым-жырымдарды өткөрүү балыкчыларга ийгилик алып келет деп эсептешет. Ал эми 2017-жылы аталган шаардын ошол кездеги мэри Виктор Агилар ургаачы крокодилге үйлөнгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан