Шавкат Мирзийоев Каракалпакстанда баш аламандыктагы жоготуулар боюнча маалымат берди

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Каракалпакстанда орун алган баш аламандыктагы жоготуулар тууралуу маалымат берди. Бул туурасында аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмаларында жазылды.

Андагы жазылган маалыматка ылайык, өлкө башчы жоготуулардын так саны тууралуу маалымат берген эмес.

"Тилекке каршы, калк арасында жана укук коргоо органдарынын арасында жоготуулар бар" деген ал.

Белгилей кетсек, Каракалпакстан Республикасынын борбору Нукус шаарында жүздөгөн жарандар митингге чыгышкан. Алардын нааразычылыгы Баш мыйзамга киргизилип жаткан Каракалпакстан Республикасынын эгемендүүлүгүнө тиешелүү жаңы өзгөртүүлөр менен байланышкан. 2-июлда аталган аймакта 3-июлдан 2-августка чейин өзгөчө абал режими киргизилген. Ага ылайык, өлкөгө кирүүгө жана чыгууга чектөөлөр кирип, бардык коомдук иш-чараларга тыюу салынган.

Маалымат үчүн: Каракалпакстан Өзбекстандын батышында жайгашкан автономдуу республика. Аянты жалпы Өзбекстандын 40 пайызын түзөт. Аталган өлкөдө 2 миллионго жакын эл жашайт. Алардын көбү каракалпактар, өзбектер жана казактар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан