Орусиялык диетолог өрүктү кайсы учурда колдонууга болбой тургандыгын айтып берди

Орусиялык диетолог, медицина илимдеринин доктору Михаил Гинзбург өрүктүн пайдасын жана кайсы учурда бул жемишти колдонууга болбой тургандыгын жергиликтүү басылмалардын бирине берген маегинде айтып берди.

Анын айтымында, эгер адамда аллергия же зат алмашуу процессинде айрым көйгөйлөрү бар болсо бул жемиштен баш тартуусу керек.

"Өрүктө көптөгөн витаминдер, аминокислоталар жана антиоксиданттар бар. Ал бардык органдардын иштөөсүнө оң таасир берет. Өрүк өсүмдүк клетчаткасына бай болгондуктан тамак сиңирүүнү жана иммундук системаны жакшыртат. Ашказандын өнөкөт оорусу жок болсо өрүктү коркпостон жей берсе болот. Ал эми адамда ашыкча салмак болсо өрүктү аз өлчөмдө колдонуусу керек. Ошондой эле аллергиясы бар адамдар да өрүктөн баш тартуусу керек болот", - деген Гинзбург.

Диетолог Гинзбургдун коондун пайдасы тууралуу айтканын бул шилтемеден окуй аласыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан