Кой-Таштагы аскер бөлүктө жоокер каза болду

Бүгүн, 4-июлда Кой-Таштагы №73809 аскер бөлүгүндө жоокер каза болду. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 4-июлда түнкү саат 02:00 чамасында анык мөөнөттөгү кызматын өтөп жаткан 2000-жылы туулган Ж.Э. аттуу аскер постто сакчылык кызматын өтөп жатып, курал колдонуудагы байкабастыктын натыйжасында кокустуктан ок чыккан. Жоокер жаракат алган жеринен көз жумган.

Окуя болгон жерде Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчилиги, Аскер прокуратурасынын кызматкерлери, Аламүдүн РИИБинин эксперттери жана №02625, №73809 аскер бөлүгүнүн командачылыгынын курамынан түзүлгөн комиссия иштеп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан