Жогорку окуу жайларга кабыл алуу онлайн режимде жүргүзүлөт

Өлкөдө Жогорку окуу жайларга кабыл алуу 18-июлда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин жогорку, орто жана кесиптик билим берүү башкармалыгынын адиси Айнура Асан кызы билдирди.

Айтымында, быйыл жогорку окуу жайларга жана колледждерге кабыл алуу онлайн режимде жүргүзүлөт.

"ЖОЖдорго кабыл алууну 18-июлда баштоо пландалып жатат. Бүтүрүүчүлөр ЖОЖдорго ЖРТ сертификатынын негизинде кабыл алынат. Ал үчүн абитуриент сынакка катышуу үчүн 2020.edu.gov.kg веб-сайтындагы Online" автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу билдирме бериши керек", - деди ал.

Ал эми Жалпы республикалык тестирлөөнүн босого баллы эртең, 5-июлда белгилүү болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан