4-июлдан тарта Бишкектеги Скрябин көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштерине байланыштуу жабылат

4-июлдан тарта Бишкектеги Скрябин көчөсүнүн Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн Караганда көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоо иштерине жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, аталган көчөдө оңдоо иштери жүрүп, чарбалык курулуштар жана тосмолор бузулат. Ошол эле учурда Медеров жана Жантөшөв көчөлөрү унаалар өтүүчү альтернативалык жол болот.

"Оңдоо ишин июль айынын аягына чейин бүтүрүү пландалууда. Урматтуу жарандар! Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт, жүргүзүлүп жаткан жол иштерине түшүнүү менен мамиле жасап, каттамыңызды алдын ала пландаштырууну суранат", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан