Нарын облусунун Кочкор районунун акими Курбанбек Камчыев кызматынан бошотулду. Бул туурасында өлкө башчынын маалымат кызматынан маалымдашты.
Ага ылайык, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Президенттин жарлыгына ылайык, Кочкор районунун акими болуп Эрмекбай Омошев дайындалды.