Өрттөн энеси менен кызынын өмүрүн сактап калган милиция кызматкери сыйланды

Өрттөн энеси менен кызынын өмүрүн сактап калган милиция кызматкери “Каармандык” медалы менен сыйланды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-июль күнү ИИМдин борбордук аппаратында кызмат учурунда өрттөн эки адамдын өмүрүн сактап калган ИИМдин Күзөт кызматынын Биринчи Май райондук күзөт бөлүмүнүн кызматкери, милициянын старшинасы Калыбек Асылбековго сыйлык тапшырылды.

Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов медалды тапшырып жатып, милиция кызматкерине көрсөткөн эрдиктери үчүн ыраазычылык билдирип, арабызда коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө өз өмүрүн тобокелге салып, күн сайын кызмат өтөп жаткан эр жүрөк тартип сакчылары бар экенин сыймыктануу менен белгиледи.

Белгилей кетсек, буга чейин милициянын старшинасы Калыбек Асылбеков өз өмүрүн тобокелге салып, түтүнгө толгон батирден 4-5 жаштардагы кызды издеп таап, алып чыккан. Ошондой эле кыздын апасын өрттөнүп жаткан үйдөн чыгарууга жетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан