Каракалпакстандагы баш аламандыкта канча адам каза болгону айтылды

Каракалпакстандын Нукус шаарында орун алган баш аламандыкта 18 адам каза тапты. Бул туурасында аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмаларында жазылды.

Маалыматка ылайык, окуядан 243 жаран жарадар болгон. Алардын 38и укук коргоо органдарынын кызматкерлери. Ошондой эле 94 адам ооруканада экендиги айтылды.

Белгилей кетсек, Каракалпакстан Республикасынын борбору Нукус шаарында жүздөгөн жарандар митингге чыгышкан. Алардын нааразычылыгы Баш мыйзамга киргизилип жаткан Каракалпакстан Республикасынын эгемендүүлүгүнө тиешелүү жаңы өзгөртүүлөр менен байланышкан. 2-июлда аталган аймакта 3-июлдан 2-августка чейин өзгөчө абал режими киргизилген. Ага ылайык, өлкөгө кирүүгө жана чыгууга чектөөлөр кирип, бардык коомдук иш-чараларга тыюу салынган.

Маалымат үчүн: Каракалпакстан Өзбекстандын батышында жайгашкан автономдуу республика. Аянты жалпы Өзбекстандын 40 пайызын түзөт. Аталган өлкөдө 2 миллионго жакын эл жашайт. Алардын көбү каракалпактар, өзбектер жана казактар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан