
Үрүмчү-Бишкек авиакаттамы жанданды. "Манас" эл аралык аэропортунун маалыматына ылайык, каттам 2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам убактылуу токтотулган.
«Түштүк Кытай аба жолдору» авиакомпаниясы каттамдарды жумасына бир жолу, тагыраагы шейшемби күндөрү аткарат. Учуунун убактысы 2 саат.