Министр Кудайберген Базарбаев Кочкордо таза суу системасын куруу долбоору менен таанышты

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Кочкор районунда "Кара-Саз айылында таза суу системасын куруу" долбоорунун ишке ашырылышы менен таанышты. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, курулуш иштери үчүн Кош-Дөбө айыл аймагынын социалдык кызматына муктаж болгон 32 адам тартылган. Анда сыйымдуулугу 100 тонна резервуарды, узундугу 280 метр тосмону жана узундугу 1200 метр ичүүчү суу түтүгүн курушту.

Долбоор менен таанышууга министр Базарбаев менен бирге БУУнун Кыргызстандагы Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын директору Кожиро Накай барды.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан