Көбөйүүдө. Өткөн жумада 48 адамдан COVID-19 илдети аныкталды

Кыргызстанда өткөн жума ичинде 48 адамдан COVID-19 илдети аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдын Телеграм каналында жарыяланды.

Штабдын статистикасына ылайык, алардын ичинен үчөө ооруканага жаткырылган. Абалы орто. Аныкталган учурлардын арасында 9у сырттан (ред:, Орусия, Түркия, Өзбекстан, АКШ) келгендер.

Аймактар боюнча бөлүнүшү:
Бишкек шаары – 43;
Чүй облусу – 4;
Ош шаары – 1.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө 201 миң 101 адам аталган инфекцияны жугузган.

Эскерте кетсек, өткөн жумада илдет аныкталгандар мурунку жумага салыштырмалуу 19 учурга көп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан