Бишкекте 12 жаштагы Кутман Төлөмүшов дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2010-жылы туулган бала Аламүдүн-1 кичи районунан саат 14:00 чамасында белгисиз тарапка кеткен боюнча дайынсыз.
Өзгөчө белгилери: Бою 150-155 сантиметр, чачы кара.
Кийген кийимдери: Кара түстөгү футболка, чолок шым, бутуна кара түстөгү жайкы бут кийим.
Кимде-ким сүрөттөгү баланы көрүп-билген болсо төмөнкү телефон номерлерге байланышып коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.
Байланыш номерлери: 0 557 11-94-10, 0 701 28-28-09, 0 702 49-8888 жана 102.