"Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясы: 1-турда утушка ээ болбогон билеттер экинчи турга катыша алат

Салык кызматынын "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын биринчи туруна катышып, бирок утушка ээ болбогон билеттер жарактуу бойдон калат жана экинчи турга катыша алат. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, лотереянын экинчи туру ушул жылдын 1-октябрында өтөт.

"Эгерде бир билет байгелүү болгон болсо, анын ээси лотереянын кийинки этаптарына андан ары катышуу укугунан ажырайт.

Башкача айтканда, лотереянын биринчи турунда утушка ээ болбогон катышуучулардын билеттери лотереянын кийинки этабына катышуу укугун сактап калат", - деп жазылат маалыматта.

Экинчи турга 2022-жылдын 1-июлунан 30-сентябрына чейин катталган кассалык чектер, ошондой эле биринчи турда ыйгарылып, утушка ээ болбой калган ID номерлер катышат.

Белгилей кетсек, лотереянын биринчи утушу 1-июлда "Ала-Тоо" аянтында болду. Анда бизнес-өнөктөштөрдүн колдоосу менен 2 унаа, 10 iPhone, 10 смартфон, 25 ар кандай тиричилик техникасы жана башка баалуу байгелер ойнотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан