Орусиялык басылмалар Фин булуңуна 6 жаштагы кыргызстандык бала чөгүп кеткенин жазып чыгышты.
Окуя Лисий нос округундагы Дубки жээгинде болгон. Баланы эс алып жүргөндөр суудан алып чыгышкан.
"Окуя болгон жерге "Тез жардам" кызматы чакыртылып, дарыгерлер куткарууга аракет кылышкан. Бирок бала "Тез жардам" кызматынын унаасында көз жумган. Маалым болгондой, ал 22 жаштагы агасы менен жээкке барган. Анын апасы Орусияга иштөө үчүн келген", - деп айтылат маалыматта.