Өлкө башчы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 6-июлдан тарта башкы прокурор Курманкул Зулушев менен ички иштер министри Улан Ниязбеков аймактарды кыдырат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Маалыматка ылайык, алар элдин укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер боюнча кабар алат.
Жолугушуу алгач Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында, андан кийин Талас, Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарында өтөт.
Белгилей кетсек, аймактарды кыдыруу 6-июлда башталат.