Тайырбек Сарпашев: “Кыргызстан бизнес жүргүзүүгө шарт түзүү боюнча Түркиядан үлгү алышы керек”

“Кыргызстан бизнес жүргүзүү шарттарын жеңилдетүүнүн үстүндө тынымсыз иштеп жатат”,- деп билдирди вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев 2-декабрда кыргыз-түрк ишкерлер форумунда.

 

“Учурда кыргыз-түрк экономикалык мамилелеринде жакшы өсүш бар. Акыркы 10 жылдын ичинде Түркия жетишкен ийгилик анын күбөсү. Биз Түркиядан үлгү алып, анын тажрыйбаларын үйрөнүшүбүз керек”,- деди ал.

 

Вице-премьер-министр бизнес жүргүзүү жана инвестицияны коргоо шарттарын жеңилдетүү боюнча иштер жасалып жатканына токтолгон Сарпашев:

 

 “Биз экономика, айыл чарбасы, тоо-кен өнөр жайы, энергетика, унаа жана байланыш, туризм тармактарына инвестиция тартуунун үстүндө иш жүргүзүүдөбүз. Сөз фискалдык жана тескөөчү органдардын текшерүүлөрүнүн кыскарышы жөнүндө болуп жатат. Муну менен бирге сырткы соодада, бажы жана салык иш кагаздарын жөнгө салууда Бирдиктүү терезе принцибин киргизүү активдештирилүүдө”,- деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан