Бишкекте кыз жигитин тамашалайм деп милицияга аны ала качып кеткенин айтып телефон чалган

Бишкекте "кызды ала качып кетти" деп тамашага салган жарандар кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-июль күнү саат 19:20 чамасында 102 кызматына Ак-Босого жаңы конушунан 2004-жылы туулган Б.А. аттуу жарандан кызды унаага салып уурдап кетишти деген маалымат келип түшкөн. Кайгуул кызматынын өздүк курамына уурдап кеткен жарандарды табуу боюнча багыттама берилип, шаар ичинде "Перехват" планы киргизилген.

"Кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери менен биргеликте Лексус үлгүсүндөгү унааны аныкташкан. Анда 1999-жылы туулган Ж.А. аттуу айдоочу эки иниси менен Калыс-Ордо конушунан кармалган. Бирок кармалган учурда уурдалды делген кыз жигитин тамашалоо максатында 102 кызматына өзү чалгандыгын тастыктаган. Бул факты боюнча кармалган жарандардын ишине чара көрүү үчүн Биринчи Май РИИБинин тергөө кызматына жеткирилген", - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле милиция кызматы өрттөн сактоо, медициналык "Тез жардам" өңдүү адистештирилген кызматты билип туруп жалган чакыруу учурларында Укук бузуулар кодексинин 132-беренесине ылайык жоопкерчиликке тартыларын эскертет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан