Кайгуул кызматы жүрүп бара жаткан унаанын терезесинен белинен жогору жагын чыгарып алган жүргүнчү кызга миң сом айып салды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, социалдык тармактарда Чолпон-Ата шаарында жүрүп бара жаткан Lexus ES350 үлгүсүндөгү унаанын терезесинен белинен жогору бөлүгүн сыртка чыгарып алган кыздын видеосу жарыяланган.
"Чолпон-Ата шаарында жүргөн милициянын кайгуул кызматкерлери видеодогу жүргүнчү кызды таап, тийиштүү протокол толтуруп, 1000 сом айып салышты", - деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле жүргүнчү кызга мындай жорук өзүнүн жана башканын өмүрүнө коркунуч алып келери, коомдук тартипти бузуу болуп саналары эскертилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнү айтылат.