Париждеги Эйфель мунарасы капиталдык оңдоп-түздөөгө муктаж. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, мунараны дат басууда. Мындан улам мунараны капиталдык оңдоп-түздөөдөн өткөрүү керек. Бирок бийлик мунараны капиталдык оңдоодон өткөрүүнүн ордуна 2024-жылы өтүүчү Олимпиада оюндарынын алдында 60 миллион еврого сырдоону чечкен. Буга жергиликтүү Marianne журналы нааразы болуп: "Эгер Гюстав Эйфель мунаранын абалын көрсө, көзүнө жаш алмак..." деп жазган.
Маалымат үчүн: XIX кылымдын аягында архитектор Гюстав Эйфель тарабынан курулган мунара дүйнө жүзүндө туристтер эң көп келген объект болуп саналат. Аны көрүү үчүн жыл сайын 6 миллионго жакын адам келет. Мунаранын бийиктиги 324 метрди түзөт.