Бүгүн, 5-июлда Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров маалымат жыйын берип жатат. Анда шаар бийлиги 100 күн ичинде аткарылган иштер тууралуу маалымат берилүүдө.
"Кыска убакытта шаардагы көйгөйлөргө анализ жасадык. Бардык маселелерди чече турган жолдорун табабыз. Муниципалитетте кызматкерлерди алмаштырууда профессионал кадрларды коюп жатам. Бул шаардын өнүгүшү үчүн мааниси чоң", - деди мэр.
Мэр Бишкектин өнүгүп-гүлдөгөн шаар болоруна ишеними чоң экенин кошумчалады.