Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин имаратында жардыргыч заттар жок экени аныкталды

Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин имаратында жардыргыч заттар жок экени аныкталды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн саат 10:45 чамасында 102 кызматына Бишкек шаарындагы Орусиянын жана Кытайдын элчиликтерине бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Ошол замат аталган элчиликтерге ыкчам-тергөө топтору жана Биринчи Май, Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын жана Бишкек ШИИББинин жетекчилиги, сапёрлор, кинологдор жөнөп кетишкен.

"Жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын натыйжасында, Орусия жана Кытай элчиликтеринен эч кандай жардыргыч заттар жана түзүлүштөр табылган жок", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан