Аялдардын укуктарын коргогон уюмдун жетекчилери президент Садыр Жапаровго коомдогу аялдардын зордук-зомбулукка кабылуусу боюнча кайрылуу жасашты.
"Урматтуу Садыр Нургожоевич, сизди эӊ жогорку саясий деӊгээлде аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктар, аларды өлтүрүүлөр, ырайымсыз мамилелер менен күрөшүүнүн артыкчылыктуулугу жөнүндө, алардын өмүрүнө, ден соолугуна жана кадыр-баркына кол салууга жол бербөө боюнча кабыл алынып жаткан чаралардын натыйжалуулугун, жазалоонун артка кайтпастыгын камсыз кылуунун артыкчылыктуулугу жөнүндө жарыялоого чакырабыз.
Сизди Кыргызстандын эли өлкөдөгү жүргүзүлүп жаткан өзгөрүүлөр аялдарга карата зомбулуктун тамырын кыркат, ал эми сиз жүргүзүп жаткан кылмыш-процессуалдык жана сот реформалары аларга сот адилеттүүлүгүнүн тоскоолдуксуз түрдө жеткиликтүү болуусун камсыз кылат деген ишеним жана үмүт менен шайлаган.
Бирок аялдарга жана кыздарга карата зомбулук барган сайын көбүрөөк ырайымсыздык, адамкерчиликсиздик, мыкаачылык менен уланууда. Алсак, 2021-жылы зордуктоо боюнча кылмыш иштеринин 75 пайызы, никеге туруу үчүн уурдоо боюнча иштердин 94 пайызы, үй-бүлөлүк зомбулук боюнча укук бузуулардын 90 пайызы кыскартылган. Бүгүнкү күндө кыскартууга мыйзамдуу мүмкүнчүлүктөр жок болгон иштер деле кыскартылууда. Аялын өлтүргөн адамга сот шарттуу жазаны караштырып койгон окуялар дагы бар.
Мамлекеттин аялдарды басмырлоого кабылтпоо, алардын укуктарын, эркиндиктерин, ар намысын жана кадыр-баркын сактоону камсыз кылуу, сот адилеттигинин жеткиликтүү болуусун камсыз кылуу милдети биздин өлкөнүн Конституциясында бекитилген.
Биз сиз мамлекет башчысы катары өзүӊүздүн ыйгарым укуктарыӊызды, саясий эрктин бардык күчүн толук кандуу көрсөтөсүз жана бул болуп жаткандарга карата мамлекеттин көӊүл кош мамиле кылуусуна жол бербейсиз деп үмүттөнөбүз", - деп жазылат маалыматта.
"Урматтуу Садыр Нургожоевич! Мындай кырдаалдын жаралуусу сиздин жеке кийлигишүүӊүздү талап кылат, мындан ашык созууга жана күтүүгө болбойт. Аялдардын жана кыздардын укуктарын коргоо чөйрөсүндө иштеген жарандык активисттер менен ыкчам жолугушууну суранабыз жана сунуш кылабыз:
Муну менен катар Кыргызстанда аялдарга жана кыздарга карата зомбулук көйгөйүнө кош көӊүл кароого жол бербөөдөгү өзүбүздүн чечкиндүүлүгүбүздү, алардын коопсуздукта жана татыктуу жашоого ээ болуу укуктары үчүн ырааттуу жана кыйшаюусуз түрдө күрөшүүгө даяр экенибизди билдиребиз", - деп жазылат кайрылууда.