Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча, "Алтын сертификат" алгандардын саны өзгөргөн жок.
Билим берүү жана илим министрлигинен билдиргендей, ЖРТнын акыркы этабы 24-25-июнда өткөн. Ага Бишкек шаарынан - 795, Оштон - 236 окуучу катышкан.
ЖРТнын жыйынтыгы боюнча, бул жылы 57 окуучу эң жогорку балл алып, "Алтын сертификатка" ээ болуу мүмкүнчүлүгүн алышты.
Эң жогорку баллды Бишкек шаарындагы №70 гимназия мектебинин окуучусу Эрлан Көлбаев алды. Анын маегин бул жерден окусаңыз болот.
Ал эми Ош облусунан 7 окуучу "Алтын сертификаттын" ээси болду. Алардын бири Алай районундагы Жоро Алимов орто мектебинин бүтүрүүчүсү Айсулуу Шарипованын маегин бул жерден окуй аласыз.
Кытайдагы Гонконг университетине тапшырууну пландап жаткан дагы бир "Алтын сертификаттын" ээси Талгат Бактыбековдун маеги бул жерде.