Буга чейин социалдык тармактарда Субару үлгүсүндөгү унаа менен белгисиз адам кызды уурдап кеткендиги тууралуу видео жарыяланган. Бүгүн, 5-июлда уурдалган кыз жана аны уурдоого шектүү жаран кармалды.
Бишкек ШИИББинен билдиришкендей, 24-июнь күнү саат 00:08 чамасында 102 кызматына Эркиндик жана Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишинен кыз уурдоо фактысы боюнча билдирүү келип түшкөн.
Бул факты каттоого алынып, Субару үлгүсүндөгү 600гө жакын унаага текшерүү жүргүзүлгөн. Иш-чаралардын натыйжасында, уурдалды деген кыз жана аны уурдоого шектүү жаран аныкталып, тергөө кызматына жеткирилген.
"22 жаштагы Н.М. жана 21 жаштагы Б.Б. кыз-жигит болушкан. Кыз жумушунан кийин жигити менен жолугуп, Эркиндик бульварына чейин унаа менен барып, экөө уруша кетишкен. Алар бул окуя тууралуу маалыматтар интернет айдыңына жарыяланып кеткенден кийин милицияга баргандан коркуп, убакыттын өтүшү менен унутулуп калат деп ойлошкон.
Учурда окуянын бардык жагдайларын тактоо боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.