Бишкекте 5 жылдын ичинде 600 жаңы лифт сатып алуу пландалууда

Бишкекте 5 жылдын ичинде 600 жаңы лифт сатып алуу пландалууда. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров маалымат жыйында билдирди.

Айтымында, "Скай лифт" жана "Могилев лифт" компаниялары тарабынан лифттерди жеткирүү боюнча сунуштар коюлган.

"Лифттерди лизингге берген жаңы компания бар - жыл сайын 100 бирдиктен. Лизингдин негизинде үч-жети жыл иштөө керек. Негизи алар менен келишим түзсөк, беш жылдын ичинде борбордогу бардык лифттерди жаңырта алабыз", — деди мэр.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан