Өлкө аймагында "Нелегал-2022" аталышындагы комплекстүү издөө иш-чаралары жүргүзүлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ИИМ тарабынан ушул жылдын 27-июнунан 4-июлуна чейин Кыргызстан жана ЖККУга мүчө-мамлекеттердин аймагында "Нелегал-2022" аталышындагы комплекстүү издөө иш-чаралары өткөрүлдү.
Операциянын жүрүшүндө республиканын ички иштер органдарынын бөлүмдөрү тарабынан төмөнкүдөй фактылардын бетин ачуу боюнча иш-чаралар аткарылган.
- мыйзамсыз миграцияны уюштуруу;
- Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана пайдалануу эрежелерин бузуу;
- чек арадагы эмгектенген мигранттардын Кыргыз Республикасында эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү эрежелерин бузуусу;
- Жарандарды ишке орноштуруу боюнча мыйзамсыз ишмердүүлүк;
- Кыргыз Республикасынын аймагына чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды чакырган же кабыл алган адамдар тарабынан алардын өлкө ичинде жүрүүсүнүн белгиленген тартибин бузуусу;
- Чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстанда белгиленген жүрүү тартибин же эмгек ишин жүзөгө ашыруу же транзиттик эрежелерин бузуусу.