Бишкекте 4 ири унаа токтотуучу жай курулат

Бишкек шаарында 4 ири унаа токтотуучу жайдын курулушу пландалууда. Бул тууралуу шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров маалымат жыйында билдирди.

Мэрдин белгилешинче, "Бишкек шаарынын аймагында көп деңгээлдүү унаа токтоочу жай" инвестициялык долбоорун ишке ашыруу мерчемделүүдө. Анын алкагында 500 автоунаа баткан төрт көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жай төмөнкү даректерде курулат:

- Патрис Лумумба жана Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишинде;

- Сүйөркулов жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде;

- Псков жана Сухомлинов көчөлөрүнүн кесилишинде;

- Түгөлбай ата жана Шабдан баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан