Акылбек Жапаров журналисттер менен ресторанда жолугушуу өткөрүүдө

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн журналисттер, блогерлер жана активисттер менен “Дасмия” ресторанында жолугушуу өткөрүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин пландары тууралуу айтып, суроолорго жооп берери күтүлүүдө.

Ал эми SUPER.KG порталына министрлер кабинетинин басма сөз кызматы жолугушуу уюштурулгандыгын тастыктап, ага журналисттерди бөлүк-бөлүккө бөлүп чакыргандыктарын билдиришти.

Буга чейин Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын каникулга кетердин алдында тамактанууга чакырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан