Баткенде таңгакталган тоют чөп өрттөндү

Баткенде тоют чөп өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 5-июль күнү саат 14:35те Сүлүктү шаарында өрт чыгып жаткандыгы боюнча маалымат берилген. Такталган маалыматка таянсак, шаардагы турак үйлөрдүн биринде огороддо жыйналган 100 даана таңгакталган тоют чөп өрттөнгөн.
Шаардагы Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүмдүн күчү менен саат 14:55те өрт чектөөгө алынып, саат 15:12де толугу менен өчүрүлдү.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Адам өмүрүнө коркунуч жаралган эмес.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан