Былтыр өлкөдө зордуктоо боюнча 200дөн ашуун кылмыштын бети ачылган

Ички иштер министрлиги Кыргызстанда аялдар менен эркектердин бирдей укуктарын, укуктарды жана кызыкчылыктарды, үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоону кепилдеген мыйзам базасы бар экенин маалымдайт.

"Никеге туруу максатында катталган зордуктоо жана ала качуу фактылары боюнча маалыматтарды сунуштайбыз", - деп жазылган билдирүүдө.

2021-жылдын 12 айында республиканын ички иштер органдарынын тергөө бөлүмдөрү зордуктоо фактылары боюнча (Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренеси, 2017-жылдагы редакциясы) 604 сотко чейинки өндүрүштү каттаган, анын ичинен 325 иш, башкача айтканда 53 пайызы кылмыштын курамынын же окуяларынын жоктугуна байланыштуу кыскартылган.

Алардын ичинен өндүрүштө турган 249 кылмыш ишинен 223 кылмыштын бети ачылып, 89,5 пайызды түзөт. Анын ичинен кылмыш ишинин 148 материалы сотко жөнөтүлүп, 75 реабилитациялоочу эмес негиздер боюнча кыскартылган.

Никеге туруу максатында адамды ала качуу фактылары боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 175-беренеси (2017-жылдагы эски редакция) менен 254 кылмыш кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, анын ичинен 214 кылмыш иши окуя же кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу, башкача айтканда, катталган фактылардын жалпы санынан 84 пайызы кыскартылган. 23 факты боюнча жабырлануучу тараптан арыз жок болгондугу боюнча кыскартылса, 14 кылмыш иши сотко жөнөтүлүп, 3 сотко чейинки өндүрүш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан