Президентке балдарга карата зордук-зомбулук фактылары боюнча маалымат берилип турат

Балдарга карата зордук-зомбулук маселелерин Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева өзгөчө көзөмөлгө алып, президент Садыр Жапаровго өз убагында маалымат берилет. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Өлкөнүн балдарын коргоо жалпы мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири жана президент Садыр Жапаровдун маанилүү приоритети экени маалымдалды.

"Учурда аялдарга жана балдарга карата зомбулукту жоюу максатында 2030-жылга чейин гендердик теңчиликке жетишүүнүн Улуттук стратегиясы жана бул стратегияны ишке ашыруу боюнча Улуттук иш-аракеттер планы иштелип чыккан.

Ошондой эле Кыргызстандын 2022-2026-жылдарга балдарды коргоо боюнча программасынын долбоору иштелип чыккан. Анын ичинде учурда турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар жана үй-бүлөлөр менен иштөө үчүн социалдык кызматкерлердин кошумча штаттык бирдиктерин киргизүү маселеси иштелип чыгууда.

Балдарга карата зордук-зомбулук маселелери Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева тарабынан өзгөчө көзөмөлгө алынып, бул багыттагы иштер боюнча өлкө президенти Садыр Жапаровго өз убагында маалымат берилери белгиленет", - деп жазылган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан