АКШнын Эгемендүүлүк күнүндө Чикагодо адамдарга ок чыгарган шектүү өмүр бою эркинен ажыратылат

АКШнын Эгемендүүлүк күнүндө Чикагонун Хайленд-Парк аймагында куралдуу кол салууга шектүү жаран өмүр бою эркинен ажыратылат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка караганда, Эгемендүүлүк күнүндө көчөдөгү элге ок чыгарган деген шек менен 22 жаштагы Роберт Кримо кармалган. Ал 7 адамды өлтүрүүгө айыпталып жатат.

Иллинойс штатынын башкы прокурорунун айтымында, соттук териштирүүлөрдөн кийин ал өмүр бою эркинен ажыратылышы толук ыктымал.

Эскерте кетсек, буга чейин АКШнын Эгемендүүлүк күнүндө Чикаго (АКШ, Иллинойс штаты) шаарынын четиндеги Хайленд-Парк аймагында жөө жүрүш маалында белгисиз адам ок чыгарып, 6 адам каза болуп, 20дан ашууну жаракат алганы жазылган. Кийинчерээк каза болгондордун саны 7 адамды түзгөнү маалым болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан