1940-жылы 6-июлда Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев Алмата облусуна караштуу Чемолган айылында туулган. Жогорку билимдүү. Эмгек жолун 1960-жылы “Казметаллургстрой” ишканасында баштаган. 1990-жылы февралда Казак ССРинин Жогорку Кеңешинин төрагасы болуп дайындалган. 1991-жылы Казакстандын тунгуч президенти болуп шайланган.
2019-жылы Казакстанды 28 жылдан бери башкарып келген Нурсултан Назарбаев кызматын учурдагы президент Касым-Жомарт Токаевге тапшырып берген.
Касым-Жомарт Токаев президент болгондон кийинки эң алгачкы жарлыктарынын бири борбор шаар Астананы экс-президенттин урматына Нур-Султан деп өзгөртүү чечими болгон. Бул демилге депутаттар тарабынан колдоо таап, 1998-жылдан бери Астана аталган калаа Нур-Султан шаары болуп өзгөртүлгөн.