Казакстандын Павлодар облусунда 22 жаштагы жаран мурдагы сүйлөшкөн кызынын ата-энесин мыкаачылык менен өлтүрдү. Бул тууралуу казак басылмалары жазышат.
Маалыматка ылайык, каргашалуу окуя Береговое айылында 2-июлдан 3-июлга караган түнү орун алган. Анда 22 жаштагы жаран мурда кыз-жигит болуп сүйлөшкөн кызы мамилесин үзгөндөн кийин анын ата-энесине кол салган.
Ата-энесинен 1 түндө айрылган 16 жаштагы Алина окуя тууралуу буларга токтолгон.
"Ал бала менен 7 ай сүйлөшкөм. Бир ай мурда анын баңгизат колдонорун билип калган соң, мамилебизге чекит койгом. Ал каршы болуп, бул кылганым үчүн өкүнөөрүмдү айткан болчу. 2-июлда мен колледжге тапшыруу үчүн документтеримди даярдап Павлодарда жүргөм. Ошол түнү мага таежем телефон чалып, дароо үйгө келишимди айтты. Үйгө барганда гана апамдан жана өгөй атамдан ажыраганымды билдим. Көрсө, ал бала түнкү саат 01:00 чамасында үйгө келип апамды жана өгөй атамды мыкаачылык менен бычактап кетиптир. 13 жашар иним жашынып калууга үлгүргөн экен. Баланын апасы мага акча сунуштап, баласы оорукчан экенин айтып ыйлап келди. Мен ата-энемден ажырадым. Иним менен жалгыз калдым. Биздин акчабыз да, тааныштарыбыз да жок. Кылмышкер жоопкерчиликтен качып кетеби деп коркуп жатам. Бийлик бул ишке кийлигишип, акыйкат карап берүүсүн өтүнөм", - деген кыз.
Ал эми жергиликтүү полиция кызматы 3-июль күнү түнкү саат 02:10до Береговое айылындагы Теренкөл районундагы турак үйдөн 46 жаштагы аялдын жана 48 жаштагы эркек кишинин бычакталган жансыз денеси табылганын билдиришкен.