Буга чейин Жалал-Абад мэриясынын алдындагы бир кыз экинчи кызды ур-тепкиге алган видео тараган. Көп өтпөй ошол эле социалдык тармакта сабалган кыз каза болду деген маалыматтар тарап баштаган. Бул окуя боюнча Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы маалымат таратып, анда ал кыз каза болбогонун жана бул иш боюнча кылмыш иши козголбогонун билдирди.
"Бул окуя 7-июнда Жалал-Абад шаарында болгон. Бул факты каттоого алынып, бирок кыздар курбу болгондугун айтып, сабалды делген кыз эч кимге доосу жок экенин айткан. Мындан улам иш өндүрүштөн кыскартылган.
Ал эми интернеттеги "кыз каза болуп калды" делген маалымат калп. Себеби буга чейин күйөөсү аялын уруп ал каза болуп калган. Маркумду жерге берип жатканда ыйлаган аялдын видеосун кесип алып берки окуяга чаптап, ал социалдык тармактарга тарап кеткен. Бирок бул эки башка окуя", - деди маалымат катчы.