Түркиянын борбору Анкара шаарында “Кыргызстан” деген сейил бак ачылат

Түркиянын борбору Анкара шаарында “Кыргызстан” деген парк ачылат. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, парктын ачылышы Түркиядагы Кыргызстандын атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Эрмек Ибраимовдун Анкара шаарынын Йенимахалле райондук администрациясынын башчысы Фетхи Яшар менен болгон жолугушуусунда белгилүү болгон.  

Ошондой эле элчилик тараптан Анкарадагы көчөлөрдүн бирине Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгаруу боюнча иштер аткарылган. Анкаранын мэриясынын шаардык кеңеши Йенимахалле районунда жайгашкан көчөгө атактуу жазуучунун атын ыйгаруу боюнча бул маселени бир добуштан колдогон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан