Пакистандын Белужистан провинциясында катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, 20 адам каза болду. Бул тууралуу Hürriyet басылмасы жазып чыкты.
“Жергиликтүү бийлик 100дөн ашуун үй урап түшкөнүн билдирди. Белужистан провинциясынын Кетта шаарында өзгөчө кырдаал жарыяланды. Учурда издөө-куткаруу топтору ишин улантып жатканы белгилүү болду", - деп айтылат анда.
Белгилей кетсек, Пакистанда июль айынан сентябрга чейин созулган муссон жамгырлары учурунда инфраструктуранын жетишсиздигинен жыл сайын сел жана суу ташкындары болуп турат.