Юрий Шатуновдун үй-бүлөсү анын көрүстөнүнө орнотула турган эстеликти жасоого сынак жарыялады

Юрий Шатуновдун үй-бүлөсү анын көрүстөнүнө орнотула турган эстеликти жасоого сынак жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

“Сынакка катышуу үчүн техникалык мүнөздөмөлөрү менен эстеликтин көркөм эскиздерин электрондук дарекке жөнөтүп, ошондой эле скульптор катары тажрыйбаңызды баяндап, буга чейин жасаган эстеликтердин үлгүлөрүн көрсөтүшүңүз керек. Сынактын шарттары чектелбейт. Негизгиси - Юрий Шатуновдун элесине татыктуу эстелик түзүү. Композиция толук бийиктикте же андан жогору аткарылышы керек", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Юрий Шатунов 23-июнда жүрөк оорусунан улам каза болгон. Анын сөөгү Троекуровский көрүстөнүнө коюлган. Маркумдун коштошуу зыйнатына Орусиянын бардык аймактарынан 15 миңден ашык адам келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан