Кыргызстандын делегациясы Баку шаарында ЮНЕСКОнун Маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитетинин 8-жыйынына катышууда

Кечээ, 2-декабрда Азербайжандын борбору Баку шаарында ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитетинин 8-жыйыны өз ишин баштады. Аталган жыйынга Жогорку Кеңештин депутаты, ЮНЕСКОнун иштери боюнча Улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Карганбек Самаков баштаган кыргызстандык делегация катышууда. Делегациянын курамында манасчылар, манас таануучулар, эксперттер жана журналисттер бар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Бул делегациянын мында келгендеги негизги максаты кыргыз элинин «Манас», «Семетей», «Сейтек» эпосторун ЮНЕСКОнун Маданий мурастар тизмесине Кыргыз Республикасынын атынан каттатуу болуп саналат. Делегация башчысы Карганбек Самаков: «Манас» эпосунун кыргыз элине таандык экенин тастыктаган, ЮНЕСКО талап кылган бардык документтер кынтыксыз жасалып берилген. Демек, бул жолу «Манас» эпосу Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОнун тизмесине киргизилет деген үмүтүбүз бар. Добуш бере турган мамлекеттер колдоп берет го деп турабыз»,- деп билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан